Abank_nov
SerepTV Logo

Си, Трамп жана Путин дүйнөдөгү тынчтыкты талкуулады

Си, Трамп жана Путин дүйнөдөгү тынчтыкты талкуулады

Си Цзиньпин, Трамп жана Путиндин үч тараптуу жолугушуусу Кытайдын Шэньчжэнь шаарында башталды. Алар мындай форматта биринчи жолу сүйлөшүү өткөрүп жатышат.

Путин, Си Цзиньпин жана Трамптын сүйлөшүүлөрүнүн ачык бөлүгү 10 мүнөттөн ашык убакытка созулду.

Си Цзиньпин үч тараптуу саммиттин негизги темасы дүйнөдө тынчтыкты сактоо экенин белгиледи. Анын айтымында, дүйнөдө ири державалар тынчтыкта жашаса, туруктуулук өкүм сүрөт, ал эми алар өз ара касташса, дүйнө башаламандыкка кептелет. Си Цзиньпин Кытай, Орусия жана АКШ лидерлеринин тарыхтагы алгачкы жолугушуусу чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Трамп Орусия, АКШ жана Кытай лидерлери бүткүл дүйнөгө тиешелүү маселелер боюнча диалогду сактоо үчүн өзгөчө жоопкерчилик тартарын айтты. «Биз диалог маанилүү деп эсептейбиз. Сүйлөшүүдөн баш тартуу менен тынчтыкка эч качан жетишилген эмес», — деди Трамп. Ал ошондой эле Украинадагы жаңжалды токтотууга бардык тараптар кызыкдар экенин белгиледи. Трамп АКШ Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербей турганын да айтты.

Путин Орусия, Кытай жана АКШ конструктивдүү жана өнөктөштүк негизде кызматташса, дүйнөдөгү коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө олуттуу салым кошо аларын билдирди. Ал Трамп менен болгон жолугушууда АКШ лидеринин демилгеси менен Украинадагы жаңжалга көп көңүл бурулганын белгиледи.

SEREP MEDIA