Abank_nov
SerepTV Logo

Ташиев: "Министр операцияны өзү жетектеши керек болчу, болбосо жоопкерчиликке тартылышы керек"

Ташиев: "Министр операцияны өзү жетектеши керек болчу, болбосо жоопкерчиликке тартылышы керек"

«Министр операцияны окуя болгон жерде өзү жетектеши керек болчу — болбосо жоопкерчиликке тартылышы керек!» — деди УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Амир Кунакуновго байланыштуу кайгылуу окуя тууралуу. Бул билдирүүнү "Регион" телеканалынын мурдагы директору Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына жарыялады.

— Камчыбек Кыдыршаевич, сиз өзүңүз убагында Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштегенсиз. Сиздин көз карашыңызда, азыркы министр кырсык тууралуу сигнал алгандан кийин кандай аракеттерди көрүшү керек эле? Баланы сактап калуу үчүн эмне кылуу зарыл болчу?

— Кырсык тууралуу сигнал түшкөндө куткаруу операциясы тез, ыкчам жана туура уюштурулуп, өзгөчө кырдаалдар ведомствосунун карамагындагы бардык мүмкүн болгон күч жана каражаттар колдонулушу керек. Айрыкча жардамга муктаж, өмүрүнө коркунуч жаралган адамдын өзүнөн түздөн-түз сигнал түшсө, мындай учурда ыкчам аракет көрүү абдан маанилүү.

Адамдын кырсыкта экени тууралуу маалымат түшкөндөн кийин министр кырдаал боюнча дароо маалымат алып, куткаруу кызматтары менен биргеликте ыкчам куткаруу операциясын уюштурушу керек болчу. Жогорудан буйрук күтпөстөн, окуя болгон жерге өзү барып же учуп барып, куткаруу иштерин жеке өзү жетектеши зарыл эле. Ал жерде куткаруу операциясы толугу менен аяктап, башкача айтканда, зарыл болгон натыйжа алынганга чейин ишти өзү көзөмөлдөшү керек болчу.

Эгерде азыркы Өзгөчө кырдаалдар министри жогоруда айтылган бардык аракеттерди көргөнүнө карабастан, адамды сактап калуу мүмкүн болбой калса, анда бул жеңилгис күчтүн жагдайларына байланыштуу болгон деп эсептелет.

Ал эми эгер ал башкача аракет кылган болсо, анда адамдын өмүрүн сактап калууга жетиштүү чара көрбөгөнү үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Айрыкча, адам өзү куткаруу кызматына чалып, жардам сураган болсо!

Максаттын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Аллах Амирге бейиштен орун берсин.

SEREP MEDIA