Путин, Трамп жана Си Кытайдагы АТЭС саммитинде сөз сүйлөштү. Лидерлердин алгачкы үч тараптуу сүйлөшүүсү күтүлүүдө
Кытайдын Шэньчжэнь шаарында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (АТЭС) саммитинин негизги күнү өтүп жатат. Владимир Путин, Дональд Трамп жана Си Цзиньпин пленардык жыйында сөз сүйлөштү.
Жолугушуунун негизги саясий окуясы Орусия, АКШ жана Кытай лидерлеринин алгачкы үч тараптуу сүйлөшүүсү болушу күтүлүүдө.
Путин өз сөзүндө «Орусия дүйнөдөгү алдыңкы экономикалардын катарына кирет» деп билдирип, өлкөдө фундаменталдык экономикалык реформалар улантылып жатканын жана башка мамлекеттер менен кызматташууга ачык болууга умтулуп жатканын айтты. Ал Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөр менен өнөктөштүктү өнүктүрүүнү Орусиянын стратегиялык багыты деп атады. Путин ошондой эле маалыматтарды коргоо шартында Москва жасалма интеллект технологияларын бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.
Дональд Трамп өз сөзүндө АКШнын экономикалык жетишкендиктери тууралуу айтып, буга салыктарды төмөндөтүү, экономиканы жөнгө салууну жеңилдетүү жана 20дан ашык соода келишимин түзүү түрткү болгонун белгиледи. АКШ президенти Вашингтон бир нече өлкө менен жаңы соода келишимдери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын да билдирди. Трамп Орусия жана Кытай лидерлери менен боло турган жолугушууга өзүнчө токтолуп, аны тарыхый жолугушуу деп атады.
«Бүгүн төрага Си жана президент Путин менен үч өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо максатында өтө турган тарыхый үч тараптуу жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам», — деди Трамп.
Ал эми Си Цзиньпин АТЭСтин алкагында практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө 20 миллион доллар бөлүнөрүн жарыялады. Ошондой эле ал аймактагы өлкөлөрдү бирдиктүү инновациялык экосистеманы түзүүгө жана жасалма интеллектти активдүү өнүктүрүүгө чакырды.
Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин үч тараптуу сүйлөшүүсү бүгүнкүгө пландалган. Мындан тышкары, пленардык жыйындан кийин Орусия менен АКШ президенттеринин өзүнчө эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.