Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 100 миллиондон ашты. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тараткан маалыматы боюнча, дүйнөдө жалпы 100 200 107 адамга коронавирус жуккан.
Бейтаптардын саны боюнча көптөн бери 1-орунда турган АКШда 25 миллиондон ашык адам коронавирус жуктурду.
2-орундагы Индияда 10,7 млн адам, 3-орундагы Бразилияда 9 млн дамга вирус жуккан.
Кийинки орундагы Россияда 3,7 млн адамдан, 5-орундагы Улуу Британияда 3,6 млн адамдан дарт тастыкталды.