Abank_oct
SerepTV Logo

Айпери Медет кызы менен Гүлнур Таштанбекова Дүйнө чемпионатында күч сынашат

Айпери Медет кызы менен Гүлнур Таштанбекова Дүйнө чемпионатында күч сынашат
 
Бүгүн, 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Мелдештин төртүнчү күнүндө “Барыс Аренанын” килемине 50, 57, 65 жана 76 кг чейинки салмак категорияларында спортчулар чыгышат. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Гүлнур Таштанбекова (65 кг чейин) биринчи айлампаны өткөрүп жиберип, мелдешти 1/8 финалдан баштайт. Анда ал Анисета Акоста (Америкалык Самоа) менен Соломия Винник (Украина) жубунун жеңүүчүсү менен кез келет. Ал эми Айпери Медет кызы (76 кг чейин) чейрек финалга чыгуу үчүн египеттик Самар Хамза менен күч сынашат.

Алдын ала беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат.
SEREP MEDIA