Садыр Жапаров төрт акимди жана эки шаар мэрин кызматтан бошотту
Бүгүн, 25-ноябрда президент Садыр Жапаров бир катар район акимдери менен шаар мэрлерин кызматтан алды.
Бекмаат Масаидов Чүй облусунун Панфилов районунун акими кызматынан, Сейтек Кулубаев Баткен шаарынын мэри кызматынан, Улан Майлибашев Чүй облусунун Кант шаарынын мэри кызматынан, Эрмек Бахавадинов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан, Нурлан Эшмукамбет уулу Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими кызматынан, Баялы Досалиев Нарын облусунун Кочкор районунун акими кызматынан бошотулду.