Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда иш сапар менен Түркмөнстанга келди. Мамлекет башчысынын учагы Түркмөнбашы шаарындагы эл аралык аэропортко конду.
Президентти траптан Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов тосуп алды. Аэропортто Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын жана КМШ мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуучу өлкөлөрдүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилген.
Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров БА мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна жана КМШ мамлекеттер башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.