Кыргызстандын Кытайдагы элчиси алмашты
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Мусаева Актилек Ишенгазыевна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызмат ордунан бошотулду.
Анын ордуна президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Субакожоева Айзада Муратбековна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.