Abank_nov
SerepTV Logo

Соңку 10 айда өлкөдө мал жандыктарынын катышуусунда 45 кырсыгы катталып, 5 адам каза болду

Соңку 10 айда өлкөдө мал жандыктарынын катышуусунда 45 кырсыгы катталып, 5 адам каза болду
Жолдордо малдын кароосуз жүрүшү айдоочулар үчүн олуттуу коркунуч жаратып, жол кырсыктарына себеп болууда. 2026-жылдын 10 айында республика боюнча мал жандыктарынын катышуусунда 45 жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 адам каза болуп, 60 адам жаракат алган.

Аймактар боюнча көрсөткүчтөр:
* Чүй облусу — 7 жол кырсыгы, 2 адам каза болуп, 11 адам жаракат алган.
* Ысык-Көл облусу — 11 жол кырсыгы, 14 адам жаракат алган.
* Нарын облусу — 3 жол кырсыгы, 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алган.
* Ош облусу — 6 жол кырсыгы, 1 адам каза болуп, 10 адам жаракат алган.
* Жалал-Абад облусу — 13 жол кырсыгы, 16 адам жаракат алган.
* Баткен облусу — 5 жол кырсыгы, 1 адам каза болуп, 4 адам жаракат алган.

ИИМ ЖКККББ мал ээлеринен мал-жандыктарын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү, өзгөчө түнкүсүн кароосуз калтырбоону жана жолго чыгып кетишине жол бербөөнү эскертет.
SEREP MEDIA