Такси айдоочусуна бычак сайып, унаасын айдап качкан жаран кармалды
11-ноябрда саат 03:12 чамасында Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу СНТ «Дружба» аймагында такси айдоочусуна карата каракчылык фактысы катталган.
Алдын ала маалымат боюнча, 2007-жылы туулган Т.А. «Яндекс» кызматы аркылуу такси чакырып, айдоочу С.А. менен СНТ «Дача» аймагына барган. Ал жактагы үйлөрдүн бирине кирип чыккан соң, кайра шаарга жеткирип коюуну өтүнгөн. Жолдо болжол менен 500 метр жүргөндөн кийин жүргүнчү такси айдоочусуна бычак менен жаракат келтирген.
Жабырлануучу ооруканага жеткирүүнү суранган учурда, шектүү аны унаага салып, №4 шаардык ооруканага жеткирген. Андан соң айдоочунун унаасын айдап, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу 102 кызматына кабар берип, унаасында GPS көзөмөлдөөчү түзүлүш бар экенин билдирген. Бул маалыматтын негизинде кайгуул кызматкерлери ыкчам аракет көрүп, унааны Бишкек шаарындагы көчөлөрүнүн биринен токтотуп, шектүү жаранды кармашкан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. 2007-жылы туулган Т.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.