Каржы пирамидасын уюштуруу фактысы боюнча иштин негизги фигуранты кармалды
Ноябрь айында Биринчи май РИИБге жарандар арыз менен кайрылып, «BITEVOLUTION» компаниясынын уюштуруучуларына карата чара көрүүнү суранышкан. Аталган компаниянын ишмердүүлүгүндө каржы пирамидасынын белгилери бар экендигин билдиришкен.
Арыз ээлеринин айтымында, компаниянын уюштуруучулары жарандардын ишенимине кирип, салынган акчаны эки эселеп кайтарып берүү жана жогорку киреше алуу убадасы менен алардын акча каражаттарын ээлеп алышкан. Андан соң өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткарбастан, изин жашырып кетишкен.
Бул факты боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси («Финансылык пирамидаларды уюштуруу») боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө аракеттеринин жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында ушул эле башкармалыутын кызматкерлери тарабынан кылмыш ишинин негизги фигуранты 1964-жылы туулган К.Г.Э. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Кармалган жаран Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар-жогу аныкталууда.