Royal
SerepTV Logo

Милиция тарабынан сабалганы айтылган жаран боюнча милиция үн катты

Милиция тарабынан сабалганы айтылган жаран боюнча милиция үн катты
Буга чейин Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбор маалымат таратып, Ала-Букада кармалган жаран милиция тарабынан сабалганын айтып чыккан. Жалал-Абад ОИИБ бул боюнча үн катты. 12-сентябрь күнү саат 16:55 чамасында милицияга Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылынын ортосунда белгисиз жарандар унаанын артынан кууп келишип, ок чыгаргандыгы маалымдалган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде (бейбаштык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлери тарабынан аталган окуяга шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1981-жылы туулган тургуну шектүү катарында суралып, өз сөзүндө ал мурда соттолгонун айткан. Ошондой эле азыркы күндө Улуттук борбор тарабынан кыйноо фактысы боюнча медициналык кароо формасы (Стамбул протоколу) ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча ички иликтөө жана текшерүү бөлүмү тарабынан текшерилүүдө.