Abank_nov
SerepTV Logo

Курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоого чалдыккандар көбөйүүдө

Курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоого чалдыккандар көбөйүүдө
 
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ), сасык тумоонун жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жума сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 44-жумасында (24–31-октябрь) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоо менен ооруган 10 432 учур катталган. Оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 142,1 учурду түздү. Мурунку жумага салыштырмалуу ооругандардын саны 6,9%га, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өскөн. Ооругандардын жалпы санынын 68,1%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт (7 103 учур).

Сасык тумоого каршы эмдөө Сезондук сасык тумоонун алдын алуу максатында министрлик тарабынан «Гриппол+» вакцинасынын 63 734 дозасы сатып алынган. Мындан тышкары, сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 100 миң дозасы жеткирилери күтүлүүдө.
SEREP MEDIA