Ден соолукка залал келтирүүгө шектелген жаран Испаниядан алып келинди
Башкы прокуратуранын Испаниянын компетенттүү органдары менен кызматташуусунун натыйжасында эл аралык издөөдө жүргөн А.А. аттуу жаран өлкөгө экстрадицияланды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жабырлануучуга ден соолугунун узак убакытка бузулушуна алып келген дене жаракаттарын келтирип, андан соң кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында өлкөдөн чыгып кеткен. Айыпталуучу ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Башкы прокуратура кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качып, чет өлкөлөрдө жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо боюнча эл аралык кызматташтыкты улантууда.