SerepTV Logo

Ишкер Имамидин Ташов 9 жылга эркинен ажыратылды

Ишкер Имамидин Ташов 9 жылга эркинен ажыратылды
“KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, анын мүлкү конфискацияланат. Өткөн жылы УКМК бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн Ташовду кармаган.