Бишкек-Ош жолунун 5 жеринде сел жүрдү
Бишкек-Ош эл аралык маанидеги автожолунун 428-чакырымынан 441-чакырымына чейинки тилкесинде 5 жерден сел түшүп, жолду бөгөп калган.
Жерине министрликтин №38 Жол эксплуатациялык мекемесинин кызматкерлери ыкчам тартылып, учурда жолдун бир тарабы ачылды. Экинчи тилкени селден тазалоо иштери улантылууда. Жолду тазалоо иштерине 2 даана автопогрузчик, 2 даана Hovo үлгүсүндөгү автосамосвал жана 1 даана автогрейдер тартылган. Жолду толук ачуу жана унаалардын коопсуз каттамын камсыздоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.