Депутат Жумабеков: "ЖРТ үчүн окуучулар кошумча курстарга барууга аргасыз"
Бүгүн, 27-ноябрда Дастанбек Жумабеков жетектеген «Эл үмүтү - Ата Журт» депутаттык тобу Агартуу министрлигинин жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ББОУБ) жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматын угуп, эске алды.
Жыйында бул маселе боюнча Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева маалымат берди. Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев 2026-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн санына кызыгып, ЖРТны санариптештирүүнүн зарылдыгын белгиледи жана тестирлөөнү канча жолу тапшырууга болорун тактады. Ошондой эле 10-11-класстын окуучулары даярдоо курстарына көп убакыт коротуп жатканын жүйө келтирип, мектептеги жетишкендиктер жогорку окуу жайларына кабыл алууда иш жүзүндө эске алынбай жаткандыгына көңүл бурду. Буга Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова быйыл мектепти 80 819 окуучу аяктаганын, алардын 69 467си ЖРТ тапшырганын маалымдады. Ал эми ББОУБдун директору тестирлөөнү эки жолу тапшырууга болорун билдирди.
Муну менен катар депутат Алтынбек Кылычбаев ББОУБ ЖРТнын катышуучулары үчүн кандай тең шарттарды түзүп жаткандыгына кызыгып, ошону менен бирге аймактардагы бүтүрүүчүлөр тестирлөөгө даярдануу мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигинен улам көп учурда төмөн жыйынтыктарды көрсөтүп жатканын айтты. Депутат Гүлай Машрапова мектеп программасы менен ЖРТнын тапшырмаларынын ортосунда айырмачылыктар бар экенине токтолуп, мунун айынан ата-энелер балдарын даярдоо курстарына окутууга аргасыз болуп жатканын айтты. Эл өкүлү 12 жылдык билим алгандан кийин бүтүрүүчүлөр эмне себептен мектепте өткөн материалдардан айырмаланган тесттерди тапшырып жатканын сурады. Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова ЖРТнын тапшырмалары мектеп программасына шайкеш келерин билдирди. Депутат тесттеги аналогиялардын мектеп программасына канчалык туура келерин тактап, ЖРТнын баасы бардык эле жарандар үчүн жеткиликтүү эместигин белгилеп, бүтүрүүчүлөргө жеңилдиктерди киргизүүнү сунуштады.
Депутат Алишер Козуев ББОУБдун кызматкерлеринин санына жана аларды тандоо критерийлери тууралуу суроо узатып, ошондой эле ЖРТ өткөрүүгө жөндөмдүү башка уюмдар бар-жогун же ББОУБ тестирлөөнүн жалгыз оператору экенин тактады. Борбордун маалыматына ылайык, анда 17 кызматкер эмгектенет, ал эми ар кандай предметтер боюнча тесттик тапшырмаларды түзүүгө 300дөн ашык адис тартылат. Өз кезегинде депутат Таалайбек Сарыбашов 2025-2026-жылдары республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар тууралуу сөз кылып, сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Депутат Максат Алымбеков окуучулардын логикалык, аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүүсү, ошондой эле себеп-натыйжа байланыштарын аныктоо көндүмдөрү мектептеги кайсы предметтердин алкагында өнүктүрүлөрүнө кызыкты. Муну менен катар өтүү босогосуна жетүү үчүн 10 балл жетпей калган бүтүрүүчүлөрдүн санына токтолуп, аларды абитуриенттер арасында анча суроо-талапка ээ болбогону менен мамлекет үчүн зарыл болгон адистиктерге окутууга жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну табыштады. ББОУБдун маалыматына ылайык, мындай бүтүрүүчүлөрдүн саны 3 744 адамды түзгөн.
Депутат Улугбек Ормонов көрсөткүчтөрдөгү дал келбестиктерге көңүл буруп, Бишкек шаарында мектепти 11 миң бүтүрүүчү аяктаганын, ал эми ЖРТны 17 миң адам тапшырганын белгиледи. Ал отчеттордо бүтүрүүчүлөрдүн жана тестирлөөгө катышкандардын саны шаарлар жана айыл жерлери боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлүшү керектигин айтты. Ошондой эле ЖРТ өткөрүү милдетин жеке сектордон мамлекетке өткөрүп берүүнү колдоп, тесттин жыйынтыктары менчигинин түрүнө карабастан бардык жогорку окуу жайлары тарабынан таанылышы керектигин кошумчалады.
Эл өкүлү Гүлнара Баатырова кыргыз тилиндеги тесттик тапшырмалардын татаалдыгына жана түшүнүксүздүгүнө токтолуп, аларга экспертиза жүргүзүү тартибине кызыкты. Мындан тышкары, окуучуларды ЖРТга даярдагандыгы үчүн мугалимдердин эмгегине акы төлөө маселесин ортого салды.
Депутаттык топтун жетекчиси Дастанбек Жумабеков тиешелүү министрликтин өкүлдөрүнө кайрылып, ББОУБдун маалыматына ишенерин жана анда келтирилген маалыматтарга канааттанарын сурады. Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова борбордун баяндамасында анын ишмердүүлүгүнүн бардык негизги багыттары камтылганын билдирди. Жыйынтыгында Дастанбек Жумабеков ЖРТнын тапшырмаларынын мектеп программасына шайкештиги маселеси тууралуу кеп кылып, тапшырмалар мектеп программасынын чегинен чыгып кетет деген пикирлерден улам окуучулар кошумча даярдоо курстарына барууга аргасыз болуп жатканын айтты. Ага ылайык, министрликтерге ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ЖРТны ийгиликтүү тапшыруу үчүн биринчи кезекте мектептен сапаттуу билим алуу зарылдыгын, анткени тесттик тапшырмалар мектеп программасына ылайык түзүлөрүн жеткирүү керектигин баса белгиледи.