SerepTV Logo

Жогорку Кеңеште каза болгон окуучулардын окуясы көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште каза болгон окуучулардын окуясы көтөрүлдү
Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ар кандай» саатында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Депутат Жылдыз Курманалиева 2025-жылы жолду кеңейтүүгө байланыштуу Сузак райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториясынын имаратынын айрым бөлмөлөрү бузулганын белгилеп: «Учурда лаборатория өз функцияларын толук кандуу аткара албай жатат. Жаңы жайларды куруу иштерин тездетүү керек», - деген депутат бул үчүн бардык зарыл болгон сметалык жана долбоордук документтер даяр экенин кошумчалады.

Ал эми эл өкүлү Чынгыз Ажибаев Лейлек районундагы билим берүү инфраструктурасынын абалына көңүл бурду. Анын айтымында, райондогу бир катар мектептер капиталдык салымдар объектилеринин титулдук тизмесине киргизилген. Айрым объектилер боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалып бүткөн. Ага ылайык, депутат тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнү өтүндү.

Депутат Адилет Белеков Балыкчы шаарындагы жер тилкелерин суу каптап жатканына көңүл бурду. Тагыраагы, аймактардын биринде жер астындагы суулар көтөрүлүп, учурда болжол менен 500 гектар жерди суу каптаган. Ошондой эле депутат Тогуз-Торо районунда автовокзал куруу маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде депутат Улан Бакасов Нарын облусунда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу маселелерге көңүл бурду. Эл өкүлү бир катар унаа жолдорун, мектептерди жана маданий объектилерди куруу иштери токтоп калганын маалымдап, курулуш иштеринин токтоп калышына жана объектилерди пайдаланууга берүү мөөнөттөрүнүн создугушуна жол бербөө үчүн ишке ашырылып жаткан бардык объектилерди өз убагында каржылоо керектигин баса белгиледи.

Депутат Айгүл Ахмедова мектеп рэкетчилигинин кесепетинен баланын каза болгон кайгылуу окуясына тынчсыздануусун билдирип, бул трагедия бир үй-бүлөнүн гана эмес, жалпы коомдун көйгөйү экенин айтып: «Бул баарыбыз үчүн чоң коңгуроо. Биз баарыбыз өзүбүзгө суроо беришибиз керек: балдарыбызга эмне болуп жатат? Өспүрүмдөр арасында агрессиянын, мушташтын жана зомбулуктун алдын алуу үчүн биз эмне кылып жатабыз?» - деди депутат. Эл өкүлү балдарды тарбиялоодо мугалимдин, анын ичинен эркек мугалимдердин ролу өзгөчө мааниге ээ экенине көңүл бурду.

Андан тышкары, депутат Райимберди Дуйшенбиев аймактарда, анын ичинен Таш-Көмүр шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышы маселесин көтөрдү. Депутат шаар мэриясынын жаңы курулган стадионду ушул күнгө чейин мамлекеттик баланска өткөрбөгөнүн, ошондой эле объект үчүн штат аныкталбаганын жана тиешелүү каржылоо каралбаганын сындады.

Депутат Медина Кайрылбекова Талас облусунун аймагында медициналык жана косметологиялык калдыктарды коопсуз утилдештирүү маселеси тууралуу кеп кылды. Эл өкүлү калдыктарды туура эмес башкаруу жарандардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин жүйө келтирди. Депутат Чолпон Эсенаманова Панфилов районунун тургундарын турак жай менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү. Турак жайга болгон муктаждыктын өсүшүнө байланыштуу депутат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишинин алкагында көп кабаттуу үйлөрдү куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну табыштады. Ошондой эле эл өкүлү Фрунзе айыл аймагына караштуу Чалдовар айылындагы №2 мектептин абалына көңүл буруп, аталган билим берүү мекемесинде спорттук жана жыйындар залы жок экенин кошумчалады.

Депутат Эдита Тайгараева өспүрүмдөр арасында суициддин алдын алуу маселесине токтолду. Анын айтымында, акыркы убакта райондо мындай үч учур катталган. Ушуга байланыштуу эл өкүлү өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алууну артыкчылыктуу багыттардын бири катары кароону жана мектептердеги психологдордун ишин күчөтүүнү сунуштады.

Депутат Гулай Машрапова Манас айыл аймагындагы, анын ичинен Беш-Мойнок айылындагы социалдык инфраструктура объектилеринин абалына байланыштуу маселелерди ортого салды. Эл өкүлү белгилегендей, айылдагы бала бакчанын имараты эскирип, жаңылоого муктаж. Ошондой эле аталган айылда курулган мектептин абалына көңүл бурулду. «Мектепте 418 бала билим алат, бирок спорттук зал жок», - деген депутат спорттук зал куруу жана окуучулар үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Депутат Махабат Мавлянова аймактарда, анын ичинен райондук маанидеги шаарларда социалдык инфраструктураны өнүктүрүү керектигин белгилеп, Кызыл-Кыя шаарын өнүктүрүүгө багытталган бюджеттик каражаттарды көбөйтүүгө чакырды.
SEREP MEDIA