Жанар Акаев: "Оштогу ири жолго Чубак ажы Жалиловдун ысымын берүүнү сунуштадым"
"Оштогу ири жолго Чубак ажы Жалиловдун ысымын берүүнү сунуштадым". Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанар Акаев соцтармактагы баракчасына жазды.
"Шаардык кеңешке Ош шаарындагы Аношина көчөсүн белгилүү коомдук ишмер, эгемендүү Кыргызстаныбызга өз убагында чоң салым кошкон Бегиш Аматовдун атын ыйгарууну, ал эми шаарыбыздагы ири жолдорубуздун бирине Кыргыз Эл баатыры, белгилүү диний аалым Чубак ажы Жалиловдун ысымын берүүнү сунуштадым. Депутаттар колдоп берди", - деп жазылат билдирүүдө.