Бүгүн, 26-январда айлык-маянасына нааразы болгон жолчулар Транспорт жана жолдор министрлигинин имаратынын алдына митингге чыгышты. Чогулгандардын айтымында, митингге чыгуунун негизги себептери эмгек-акынын кечеңдеши, атайын жумушчу форманын берилбей жатканы, акы төлөнүүчү эс алуунун, ысык тамактын жана жумуш үчүн шаймандардын жоктугу болгон.
Митингге келген Талгар Иманкулов акыркы 4-5 ай ичинде жашоо минимумунан төмөн эмгек-акы алып жаткандыгын билдирди. «Июль айынан бери бизге 3 миң сомдон берилип жатат. Бул сумма күнүмдүк чыгымдарды жабууга жетишсиз. Карантин учурунда бизге таптакыр эмгек акы беришкен жок. Мындан тышкары, күрөктөрдү жана башка шаймандарды үйдөн ташып келебиз. Жетекчилик форма да бербейт, жумушка атайын бут кийимибиз жок», — деп кошумчалады ал.
Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Содомбаев митингчилер менен жолугушууга келди. Ал бир нече күндүн ичинде жумушчуларга эмгек-акы берилерин, төлөмдөрдүн кечигип жатышына мамлекеттик бюджетте каражаттын жетишсиздиги себеп болуп жатканын айтты.