Royal
SerepTV Logo

Токмоктун мурдагы мэри Урмат Самаев акталды

Токмоктун мурдагы мэри Урмат Самаев акталды
Жогорку Сот Токмоктун мурдагы мэри Урмат Самаевди актады. Бул тууралуу соттон билдиришти. "Токмок шаардык сотунун 2024-жылдын 9-февралындагы өкүмүнө ылайык Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча ага коюлган айып боюнча күнөөсүз деп табылып, кылмыш курамынын жоктугу үчүн акталган. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылып, ага карата 10 000 (он миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып салынган. Чүй облустук сотунун 2024-жылдын 18-июлундагы өкүмү менен Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун 2024-жылдын 9-февралындагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган", - деп айтылат маалыматта.