Abank july
SerepTV Logo

Текебаев: «Кыргыз» этнониминин үч миң жылдык жазма тарыхы бар"

Текебаев: «Кыргыз» этнониминин үч миң жылдык жазма тарыхы бар"
 
"Жакында Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардаринин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров конокту кыргыз элинин тарыхы жана маданияты менен тааныштырып жатып, кыргыз тарыхы үч миң жылды түзөрүн белгиледи. Ошентип, бул факт биздин расмий тарыхыбыздын бир бөлүгүнө айлангандай". Бул тууралуу саясатчы, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев соцтармактагы баракчасына жазды.

"Дал ушул терең тарыхый башаттарды изилдөөгө биздин Кубат Чороев менен биргеликте жазган «Династия. Металл. Ат. Евразия көчмөн цивилизациясынын жаралышы жөнүндө» аттуу эмгегибиз арналган. Изилдөөнүн биринчи тому мындан төрт миң жылдан үч миң жылга чейинки мезгилди камтыйт. Биздин гипотезага ылайык, дал ушул миң жылдыктын ичинде Евразиядагы алгачкы көчмөн цивилизация калыптанып, гүлдөп-өнүгүп, өзүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн биринчи баскычын аяктаган. Биздин божомол боюнча, төрт миң жыл мурда Алтай, Саян, Тянь-Шань жана Ала-Тоону камтыган, аянты 2,5-3 миллион чарчы километр болгон тоо-талаа мейкиндигинде Евразиянын биринчи көчмөн цивилизациясы жаралган. Бул концепция илимий далилдердин үч негизги комплексине таянат.

Биринчиси — археология. Археологдор бугу таштары менен керексурлар маданиятын чарбачылыгы, дүйнө таанымы, сөөк коюу салты, аскердик курал-жарагы жана атты ыйык тутуу салты жагынан бирдиктүү маданий мейкиндик катары карашат. Экинчиси — заманбап даталоо ыкмалары. Радиокөмүртектүү даталоо жана изотоптук-геохимиялык изилдөөлөр бул эстеликтер комплексинин болжол менен 4000–3000 жыл мурунку заманга таандык экенин ишенимдүү көрсөтүп турат. Үчүнчүсү — археогенетика. Изилдөөлөр ошол доордогу элиталык көрүстөндөрдө негизинен R1a жана Q гаплогруппаларынын өкүлдөрү кездешерин көрсөтөт. Биздин оюбузча, ушул эки популяциянын өз ара аралашуусу жана биригүүсү ошол цивилизациянын аскердик-саясий элитасынын калыптанышында маанилүү роль ойногон.

R1a гаплогруппасынын бул субклады азыркы кыргыздардын 60-70 пайызында кездешет. Ошентип, биринчи көчмөн цивилизациясынын негизин кыргыздардын биологиялык ата-бабалары түзгөн болуп чыгат. Биздин түшүндүрмө боюнча, бул цивилизациянын күч-кубаты өз ара байланышкан үч негизге таянган. Династия — уюштуруучулук билимге жана саясий бийликке ээ болгон мураскер башкаруучу элита. Металл — кен казууну, металлургияны жана коло курал-жарагын өндүрүүнү көзөмөлдөө аркылуу экономикалык жана аскердик артыкчылыкка жетишүү. Ат — зор аймактарды башкарууну, байланышты жана ыкчам кыймылды камсыз кылган негизги күч болуп, Евразиядагы алгачкы ири көчмөн системасын түзүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ошондуктан китеп «Династия. Металл. Ат» деп аталды.

Эки цивилизация — эки параллелдүү тарых. Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай — биринчи том толугу менен мындан төрт миң жылдан үч миң жылга чейинки мезгилге арналган. Дал ушул миң жылдыкта Хуанхэ дарыясынын өрөөнүндө байыркы кытай цивилизациясы калыптанып, өнүккөн. Бул доор кытай салттуу тарыхында Ся династиясы, андан кийин Шан (Инь) падышалыгы, ал эми кийинчерээк Батыш Чжоу мамлекети менен байланыштырылат. Биринчи көчмөн цивилизациясы байыркы кытай цивилизациясы менен бир мезгилде пайда болуп, адамзат тарыхындагы алгачкы цивилизациялардын бири болгон. Биздин көз карашыбыз боюнча, бул эки цивилизация бири-биринен обочолонуп өнүккөн эмес. Алар бири-бирин билишкен, өз ара байланышта болушкан жана бири-бирине таасир эткен. Бүгүнкү күндө археология бул байланыштардын болгонун улам жаңы далилдер менен ырастап келет. Хэси (Ганьсу) коридору аркылуу адамдардын, технологиялардын жана маданий салттардын туруктуу алмашуусу жүрүп турган. Дал ушул жол аркылуу көчмөндөрдөн Кытайга жылкы, согуш арабалары, металлургиялык технологиялар жана курал-жарактын айрым түрлөрү тараган. Өз кезегинде кытай цивилизациясы да батыштагы коңшуларына өз таасирин тийгизген. Өзгөчө Чжоу династиясынын түпкү ата-бабалары менен Борбордук Евразиянын тоо-талаа алкагындагы элдердин ортосундагы байланыштар көңүл бурууга арзыйт. Көптөгөн изилдөөчүлөр эрте Чжоу маданиятында көчмөн дүйнөгө мүнөздүү материалдык маданияттын айрым белгилери жана көмүү ырым-жырымдарынын окшоштуктары бар экенин белгилешет.

Биздин гипотеза боюнча, бул таасир технологиялык гана эмес, дүйнөтаанымдык мүнөзгө да ээ болгон. Балким, дал ушул байланыштар аркылуу кийинчерээк Теңирге сыйынуу түшүнүгү менен байланышкан айрым идеялар алгачкы Чжоу мамлекетине да тараган болушу мүмкүн. Эгер бул божомол келечектеги изилдөөлөр менен дагы кеңири ырасталса, анда көчмөн дүйнө менен байыркы Кытайдын өз ара мамилелеринин тарыхын жаңы көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк ачылат.

Му-ван падышанын сапары жана «кыргыз» этнониминин эң алгачкы чагылдырылышы. Бул маселеде Чжоу династиясынын белгилүү падышасы Му-вандын Батышка жасаган саякаты өзгөчө орунду ээлейт. Ал болжол менен элүү жыл бийлик жүргүзгөн. Байыркы кытай булактары анын батыш тарапка жасаган чоң саякатын биздин заманга чейинки X кылымга таандык деп эсептешет. Ал булактарда Му-ван алыскы батыш өлкөлөрүнө барып, жергиликтүү башкаруучулар менен жолугушканы, белек алмашканы жана достук мамиле түзгөнү баяндалат. Узак убакыт бою «Му-вандын саякаты жөнүндө баян» жарымы жалган, жарымы чын уламыш чыгарма катары каралып келген. Бирок акыркы ондогон жылдардагы, айрыкча батыш синологдорунун изилдөөлөрү анын өзөгүндө чыныгы тарыхый окуялар жаткан болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Бул багытта немис синологу Манфред Фрюхауфтын 2024-жылы жарык коргон фундаменталдуу эмгеги өзгөчө мааниге ээ. Ал Му-вандын Батышка саякаты реалдуу болгонун көрсөткөн илимий ачылыштарды келтирет жана Му-вандын Байыркы Кытайдын түндүк-батышындагы элдер менен жолугушуусу мүмкүн экенин моюнга алат. Ошол эле учурда окумуштуу байыркы этнонимдердин үн окшоштугуна гана таянып жыйынтык чыгарууга болбой турганын белгилеп, мындай реконструкциялар башка илимий далилдер менен да бекемделиши керек экенин баса белгилейт. Биз да өз изилдөөбүздө дал ушул принципти жетекчиликке алдык. Биз сунуштап жаткан реконструкция байыркы кытайча аталыштын фонетикалык талдоосуна гана эмес, археологияга, радиокөмүртектүү даталоого, изотоптук-геохимиялык изилдөөлөргө жана археогенетиканын жыйынтыктарына да таянат. Биздин оюбузча, Му-вандын Батышка сапары белгисиз жерлерди изилдөө үчүн эмес, ошол мезгилдеги Борбордук Евразиянын эң таасирдүү саясий күчтөрүнүн бири болгон көчмөн цивилизациянын кол башчылары менен дипломатиялык байланыш түзүү максатын көздөгөн.
 
Дал ушул саякаттын баянында белгилүү бир элдин аты эки байыркы кытай иероглифи аркылуу биринчи жолу берилген. Кытай академиги Юй Тайшань ал көчмөн элдин аталышы «Цзюаньхань» же «Цзюньхань» формасына жакын болгон жана ал «кыргыз» этнониминин кытай жазмаларындагы эң алгачкы фонетикалык чагылдырылышы болушу мүмкүн деп эсептейт. Эгер бул интерпретация кытай тарыхчыларынын, тилчилеринин, археологдорунун жана генетиктеринин кийинки изилдөөлөрү аркылуу дагы бекемделсе, анда «кыргыз» этнониминин жазма тарыхы үч миң жылдан да терең болушу мүмкүн. Бирок бул реконструкция толугу менен ырасталабы же жокпу — ага карабастан, бүгүн бир нерсе айкын болуп калды: Борбордук Евразиянын байыркы тарыхы мурда ойлогондон алда канча татаал жана алда канча бай. Биздин көз карашыбыз боюнча, көчмөн цивилизация байыркы дүйнөнүн чет жакасында калган көрүнүш эмес. Ал Байыркы Кытай цивилизациясы менен катар өнүккөн, аны менен өз ара байланышта болгон жана бүтүндөй Евразиянын тарыхына олуттуу таасир тийгизген цивилизациялык өнүгүүнүн өз алдынча ири борборлорунун бири болгон. Ошондуктан кыргыз элинин байыркы тарыхын изилдөө — бул бир гана улуттук эс-тутум маселеси эмес. Бул Евразиядагы эң ири цивилизациялык процесстердин башатын түшүнүүгө жана континентибиздин эң алгачкы тарыхына жаңыча көз караш менен кароого жасалган аракет.
 
Бүгүнкү күндө ишенимдүү түрдө айтууга болот: кытай жазма булактары, заманбап археологиянын, археогенетиканын, радиокөмүртектүү даталоонун, изотоптук-геохимиялык изилдөөлөрдүн жетишкендиктери, ошондой эле европалык жана кытайлык бир катар окумуштуулардын эмгектери Борбордук Евразиянын байыркы тарыхын жаңыча түшүнүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Му-ван падышанын Батышка жасаган сапарына арналган изилдөөлөр бул байыркы баяндын өзөгүндө чыныгы тарыхый окуя жаткандыгы жөнүндөгү көз карашты барган сайын бекемдеп келет. Бул болсо Байыркы Кытай байланыш түзгөн элдерди жана мамлекеттерди андан ары терең иликтөө үчүн бекем илимий негиз түзөт. Биз Кыргызстан Евразиянын байыркы көчмөн цивилизацияларын изилдөө боюнча дүйнөдөгү алдыңкы илимий борборлордун бирине айланууга бардык негиздерге ээ деп ишенебиз. Бирок бул максатка жетүү үчүн бир гана шарт бар: бул багыт мамлекеттик илимий саясаттын узак мөөнөттүү артыкчылыктуу багытына айланышы керек. Бул үчүн жаңы археологиялык экспедициялар, археогенетикалык изилдөөлөр, байыркы жазма булактарды терең үйрөнүү, жаш адистерди даярдоо, эл аралык илимий кызматташтык жана ачык илимий талкуулар зарыл.
 
Биздин максат — акыркы чындыкты жарыялоо гана эмес, эң катуу эл аралык илимий экспертизадан өтө ала турган бекем далилдер базасын түзүү. Эгер бул иш ырааттуу улантылса, Кыргызстан дүйнөлүк тарых илимине көрүнүктүү салым кошуп, кыргыз элинин байыркы тарыхы адамзат цивилизациясынын тарыхынан татыктуу ордун ээлейт. Дал ушул максатты биз окумуштуулардын, мамлекеттин жана жалпы кыргыз элинин тарыхый жана илимий миссиясы деп эсептейбиз", - деп жазылат билдирүүдө.