Маданият министрлиги Тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу маалыматты четке какты
Социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары башка тарапка, тактап айтканда Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Сөз 2026-жылдын 15-августунан 15-ноябрына чейин өтө турган «Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү» аттуу убактылуу эл аралык көргөзмө жөнүндө болууда. Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Тяньцзинь музейинин жана Ички Монголия автономиялуу районунун музейлеринин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдардын алкагында, ошондой эле Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине утурлай уюштурулууда.
Белгилей кетүүчү жагдай, көргөзмө музейдин туруктуу экспозициялык залдарында эмес, эл аралык жана убактылуу көргөзмөлөрдү өткөрүү үчүн каралган бош көргөзмө аянтчаларында уюштурулат. Демек, музейдин туруктуу экспозициялары өз ишин кадимки тартипте улантып, алардын ишмердүүлүгүнө эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Бул көргөзмө тараптардын өз ара түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдарынын негизинде биргелешип ишке ашырылып жаткан эл аралык маданий долбоор болуп саналат.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Пекин шаарындагы Кытайдын Улуттук музейинде Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин көчмө көргөзмөсү ийгиликтүү уюштурулуп, кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурасын чагылдырган уникалдуу экспонаттар көрсөтүлгөн. Бул кызматташтык бир тараптуу эмес, өз ара маданий алмашууга негизделген дүйнөлүк музей практикасынын ажырагыс бөлүгү экенин тастыктайт.
Эл аралык убактылуу көргөзмөлөр дүйнө жүзүндөгү музейлердин кызматташтыгында кеңири колдонулган практика болуп саналат. Ушул жылдын өзүндө эле Улуттук тарых музейинде төмөнкү эл аралык долбоорлор өткөрүлгөн:
* АКШнын «Негиздөөчүлөр музейи» көчмө көргөзмөсү;
* Швейцариянын «Биз — суу» фотокөргөзмөсү;
* кыргыз-түрк эбру өнөрүнүн «Кыргызстан: 7 дубан — 7 гүл» көргөзмөсү;
* Венгриянын Кыргызстандагы Элчилиги менен биргеликте уюштурулган «Дьюла Принц: венгр географынын Тянь-Шань боюнча саякаттары» көргөзмөсү.
Мындан мурда да музейде Казакстандын Борбордук мамлекеттик музейинин «Кылымдардын изи менен» көргөзмөсү (2025-жылдын 30-октябрынан 13-ноябрына чейин), ошондой эле Россия Федерациясынын Л. Н. Толстой мамлекеттик музейи менен биргелешкен көргөзмө (2025-жылдын 8-октябрынан 2026-жылдын 8-февралына чейин) өткөрүлгөн. Өз кезегинде Тяньцзинь музейи дагы өзүнүн убактылуу көргөзмөлөрүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө үзгүлтүксүз уюштуруп келет. Алар АКШда (15.10.2023–14.01.2024), Беларус өлкөсүндө (25.06.2024), Испанияда (20.09.2024-жылы), Латвияда (30.05–24.08.2025) жана Казакстанда (22.10.2025–25.01.2026) ийгиликтүү өткөрүлгөн.
Демек, Бишкек шаарында өтө турган бул убактылуу эл аралык көргөзмө дүйнөлүк музей кызматташтыгынын алкагындагы кезектеги маданий долбоор болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин макамын, укуктук статусун же таандыктыгын өзгөртпөйт жана музейдин имаратынын кандайдыр бир бөлүгүн башка тарапка өткөрүп берүү дегенди билдирбейт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жарандарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн расмий маалымат булактарына гана таянууга, такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырат.