Abank july
SerepTV Logo

Электр зымы жана күрөк менен уруп... Токмокто үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү кармалды

Электр зымы жана күрөк менен уруп... Токмокто үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү кармалды
3-августта Токмок шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган З.Р. ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, жарандык жолдошу 1988-жылы туулган Ч.Ч. акыркы үч жыл аралыгында өзүнө жана жашы жете элек эки баласына карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп келгендигин билдирген. Бул факты Токмок ШИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө арыз ээсинин көрсөтмөсү алынып, анда жарандык жолдошу өзүнө жана балдарына электр зымы жана күрөк менен уруп, денесине залал келтиргендиги көрсөтүлгөн. Окуя боюнча арыздануучу жана анын жашы жете элек эки баласына карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Токмок ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Ч.Ч. кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Токмок ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери уланууда.