Abank_june
SerepTV Logo

Агартуу министрлиги мугалимдерге эмгек өргүүсүн берүү тартиби боюнча маалымат таратты

Агартуу министрлиги мугалимдерге эмгек өргүүсүн берүү тартиби боюнча маалымат таратты
Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда педагогикалык кызматкерлерге эмгек өргүүсүн берүү тартибине байланыштуу Агартуу министрлиги маалымат таратты.

Эмгек кодексине ылайык, иштин биринчи жылы үчүн жыл сайын төлөнүүчү эмгек өргүүсү кызматкерге эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте, аны пайдаланууга укук пайда болгондон кийин берилет. Педагогикалык кызматкерлерге жыл сайын берилүүчү негизги узартылган акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү окуу жылы аяктагандан кийин берилет. Анын узактыгы  Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн ал Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 320 токтомуна ылайык 56 календардык күндү түзөт. Ошону менен бирге, педагогикалык кызматка биринчи жолу кабыл алынган кызматкерлер үчүн жыл сайын төлөнүүчү эмгек өргүүсүнүн узактыгы Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтому менен бекитилген билим берүү тутумунун педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык иш жүзүндө иштеген убактысына пропорционалдуу түрдө аныкталат.

Жыл сайын төлөнүүчү эмгек өргүүсү аяктагандан кийин педагогикалык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык эмгек ишмердүүлүгүн улантышат. Эмгек акысы сакталбаган өргүү кызматкердин өз демилгеси боюнча, анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жана иш берүүчүнүн макулдугу менен гана берилерин өзгөчө белгилейбиз. Кызматкерди мындай өргүүнү тариздөөгө мажбурлоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жол берилбейт.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган маалыматтар боюнча Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жана райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтарды кароонун жыйынтыгында, жарыяларда көрсөтүлгөн жагдайларды аныктоо мүмкүн болгон жок. Анткени анда конкреттүү билим берүү уюмдарын, кызмат адамдарын же предметтик текшерүү жүргүзүүнү талап кылган фактыларды аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар камтылган эмес. Ошол эле учурда министрлик билим берүү тутумунун кызматкерлеринен түшкөн ар бир кайрылууга өзгөчө көңүл бурат. Эгерде эмгек мыйзамдарынын талаптарынын бузулгандыгы аныкталса, күнөөлүү адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.
 
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине жана райондук билим берүү башкармалыктарына кесиптик бирлик комитеттери менен биргеликте билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жана педагогикалык кызматкерлерге жыл сайын төлөнүүчү эмгек өргүүсүн жана эмгек акысы сакталбаган өргүүнү берүү тартиби боюнча кошумча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле эмгек мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылуу тапшырылды.
 
Эгерде педагогикалык кызматкер өзүнүн эмгек укуктары бузулду деп эсептесе же аны эмгек акысы сакталбаган өргүүнү тариздөөгө мажбурлоо фактылары болсо, ал Агартуу министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине, тиешелүү райондук билим берүү башкармалыгына же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу. Мындай ар бир кайрылуу мыйзамдарда белгиленген тартипте каралып, жетиштүү маалыматтар болгон учурда тиешелүү текшерүү жүргүзүлөт.