Тарых музейи 2-5-октябрь күндөрү убактылуу жабык болот
Улуттук тарых музейи 2-октябрда саат 13:00гө чейин иштей тургандыгын маалымдайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Дезинфекциялык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу музей 2-октябрдан 5-октябрга чейин убактылуу жабык болот. Музей 6-октябрдан тартып кадимки иш тартибинде өз ишин улантат. Келүүчүлөрдөн музейдин иш тартибин эске алып, түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.