Соңку аптада тумоолоп калгандардын 74 пайызын балдар түзөт
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти республика боюнча грипп жана курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооругандардын санына жума сайын мониторинг жүргүзүп турат.
Мониторингдин маалыматтарына ылайык, ушул жылдын 38-жумасында (2026-жылдын 12-18-сентябры) Кыргыз Республикасында КРВИнин 4 366 учуру катталган. Оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 59,5 учурду түздү. Оорунун деңгээли өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө дээрлик туура келет. Тактап айтканда, 2025-жылдын 38-жумасында КРВИнин 4 298 учуру катталып, оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 59,57 учурду түзгөн. Ооругандардын жалпы санынын 74,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Респиратордук инфекциялардын жайылышын азайтуу үчүн төмөнкү жөнөкөй алдын алуу чараларын сактоо сунушталат:
• балада КРВИнин белгилери пайда болгон учурда, айыкканга чейин аны мектепке же бала бакчага жибербөө жана өз убагында дарыгерге кайрылуу;
• өзүн начар сезгенде, дене табы көтөрүлгөндө жана респиратордук инфекциянын башка белгилери байкалганда үйдө калуу жана айланадагылар менен байланышты чектөө;
• зарыл болгон учурда адамдар көп топтолгон жерлерде медициналык беткаптарды колдонуу;
• респиратордук гигиенаны сактоо — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу, салфеткаларды колдонуу жана аларды туура утилизациялоо;
• колду үзгүлтүксүз жууп туруу же колду тазалоочу каражаттарды колдонуу;
• бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетип, нымдуу тазалоо жүргүзүү;
• ашыкча үшүп кетүүдөн жана ысып кетүүдөн сактануу;
• уйку жана эс алуу режимин сактоо, ашыкча чарчоого жол бербөө;
• туура жана толук кандуу тамактануу, таза абада көбүрөөк болуу жана физикалык активдүүлүктү сактоо.