SerepTV Logo

Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга кандай талаптар каралган?

Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга кандай талаптар каралган?
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуу жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны президент болуп шайлана алат. Шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтогон жана өз шайлоо фондунун каражатынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төккөн адам президенттикке талапкер болуп каттала алат.

Президенттин кызмат ордуна талапкер мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык «Ортодон жогору» деңгээл катары мүнөздөлүүчү, карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат менен ырасталат. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.

Конституциялык Мыйзамга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрына чейин аяктайт. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу жарандарга өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен, ошондой эле шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди саясий партия тарабынан көрсөтүү анын уставында каралган тартипте жана конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечиминин протоколу президенттин кызмат ордуна талапкерлигин коюуга макулдугу жөнүндө арыз тиркелүү менен талапкер тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына машинада окулуучу түрдө берилет.

Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерди өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүү Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арызды Борбордук шайлоо комиссиясына берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Талапкерлигин коюуга каалоосун билдирген жаран же Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн саясий партия документтерди бергенге чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун түзөт. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш, мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашпоого тийиш. Президенттикке талапкерлерди колдогон колдорду чогултуу талапкерлер көрсөтүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Конституциялык Мыйзамга ылайык, кол чогултуунун тартиби жана кол коюу барагынын таризи Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылат. Тутум шайлоочуну авторизациялоо жана ал тарабынан тандалган талапкерди колдоосун билдирүү жолу менен «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун электрондук түрдө чогултууну камсыз кылат, ошондой эле талапкерлерге жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына чогултулган колдор жөнүндө маалыматтарды көрүү жана кол коюу барактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Президенттикке талапкерди колдогон колдорду чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан шайлоо күнүнө 50 календардык күн калгандан кечиктирбестен, башкача айтканда, 2026-жылдын 8-декабрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин тартуу менен 10 күндүк мөөнөттө колдордун аныктыгын текшерет. Кол коюу барактарын кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюу барагын мөөр менен күбөлөндүрөт жана кол коюу барактары кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама берет.

Каттоо үчүн Президенттин кызмат ордуна талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-декабрына чейин, Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясий партиядан талапкерлигин коюуга макулдугу жөнүндө жарандын арызы (саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкер берет);
2. Өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуу ниетин билдирген жарандын арызы;
3. Эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн (талапкердин шайлоо фондунан) төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин түп нускасы;
4. Саясий партиянын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколу (саясий партия көрсөткөн талапкер тарабынан берилет);
5. Саясий партиянын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (саясий партия көрсөткөн талапкер тарабынан берилет);
6. Саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (саясий партия көрсөткөн талапкер тарабынан берилет);
7. Улуттук паспорттун типтеринин биринин көчүрмөсү;
8. Жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга макулдук;
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер жөнүндө маалыматтар;
10. Башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө декларация;
11. Диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо жөнүндө декларация;
12. Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет мамлекетте соттуулугу, реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган кылмыш иши бар же жок экендиги жөнүндө декларация;
13. Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилген мамлекеттик тилди билүү деңгээли “Ортодон жогору” деңгээлинен төмөн эмес экендиги тууралуу сертификат;
14. Талапкердин иштеген жеринен маалымкат. Анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуу же токтото туруу жөнүндө тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып берилет);
15. Мамлекеттик жана расмий тилдерде биографиялык маалыматтары камтылган талапкердин анкетасы;
16. Талапкердин мамлекеттик жана расмий тилдердеги шайлоо алдындагы программасы.

Борбордук шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин Конституциянын жана конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келишин текшерет жана талапкерди каттайт же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында, эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде аны каттоого тоскоолдук кылган ылайык эместиктерди тапса, документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерге табылган ылайык эместиктер жөнүндө билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер билдирүүнү алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 35 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 23-декабрына чейин аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон өткөндөн кийин 2 календардык күндүн ичинде Президенттин кызмат ордуна талапкерлерге катталган күнүн көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү күбөлүгүн берет.

Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна төмөнкү адамдар шайланууга укуксуз:
1) соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;
2) аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;
3) диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде.
Конституциялык Мыйзамга ылайык талаптарды аткарбаган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарта алат.
Каттоодон баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;
талапкерди колдоп берилген шайлоочулардын ишенимдүү колдорунун санынын жетишсиздиги;
3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
4) конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкер өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;
5) шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин (түп нускасынын) жоктугу;
6) конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинде каралган административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу;
7) эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же турган болсо.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
SEREP MEDIA