Royal
SerepTV Logo

Ошто жаңы батирине ашкана эмерегин сураган жарандын өтүнүчү аткарылды

Ошто жаңы батирине ашкана эмерегин сураган жарандын өтүнүчү аткарылды
Жол кеңейтүү иштерине байланыштуу Супаналиев көчөсүндө жашаган Шахноза Рузиеванын турак-жайы бузулган. Мэр Жеңишбек Токторбаев үй ээсинин турмуш-шарты менен таанышып чыккан соң 30-июль күнү Краснофлотск көчөсүндөгү ипотекалык үйдөн 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган.
Батир ээси ачкыч тапшыруу учурунда калаа башчысына ашкана эмерегин алууга жардам берүүнү суранган болчу. Бүгүн Жеңишбек Токторбаевдин жеке каражатынан ашкана эмереги алынып, үйүнө жеткирилди.