Abank
SerepTV Logo

Орусиядагы жол кырсыкта каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгү жүктөлгөн борт Ошко конду

Орусиядагы жол кырсыкта каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгү жүктөлгөн борт Ошко конду
Бүгүн, 23-августта Орусиянын Ульянов облусунда жол кырсыгынан каза болгон 14 кыргызстандыктын сөөгү атайын учакка жүктөлүп, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыккан. Борт Кыргызстанга саат 17:25да Ош шаарындагы аэропортко конду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. Учурда Кыргыз жарандарынын сөөгүн туулган айылдарына жеткирүү иш-чаралары жүрүүдө.