Abank
SerepTV Logo

Орусиядагы жол кырсыкта каза болгон 23 жаштагы жигит Аксыда жерге берилди

Орусиядагы жол кырсыкта каза болгон 23 жаштагы жигит Аксыда жерге берилди
Орусиядагы жол кырсыкта каза болгон 23 жаштагы Адилет Турсуналы уулунун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди. "Турсуналы уулу Адилетти узаттык", - деп жазды ал. Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Адилеттин жездеси менен байланышып, маркум тууралуу маалымат алганбыз. «Адилет 1999-жылы туулган. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылынан болот. 4 жылдан бери Орусияда болчу. Үйлөнгөн эмес. Ата-энеси бул жерде (ред. Кыргызстанда) жашайт. 6 бир тууган болчу. Алар ошол күнү чек арадан кирип-чыкты кылып, каттоосун узартканы барышкан экен. Жанында Шекербек деген досу болгон. Экөө тең көз жумду», — деген жездеси.