Азия оюндары-2026: Кыргызстандын жалпы командалык эсепте 25-орунду ээледи
Кыргызстан курама командасы Япониянын Айти префектурасы жана Нагоя шаарында өткөн XX Азия оюндарында жалпы 14 медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 37 мамлекеттин арасынан 25-орунду ээледи. Кыргызстандык спортсмендер 1 алтын, 3 күмүш жана 10 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Алтын медаль ээси:
Жоламан Шаршенбеков - грек-рим күрөшү (60 кг чейин)
Күмүш медаль ээлери:
Эрлан Шеров - дзюдо (90 кг чейин)
Денис Петрашов - сууда сүзүү
Асан Жанышов - грек-рим күрөшү (87 кг чейин)
Коло медаль ээлери:
Акжол Махмудов - грек-рим күрөшү (77 кг чейин)
Мээрим Жуманазарова - кыз-келиндер күрөшү (68 кг чейин)
Раззак Бейшекеев - грек-рим күрөшү (67 кг чейин)
Кубанычбек Айбек уулу - кураш (66 кг чейин)
Сыймык Жаныбек уулу - ММА (77 кг чейин)
Дастан Каныбек уулу - ММА (60 кг чейин)
Ырыскелди Дүйшеев - ММА (71 кг чейин)
Малик Шаваев - эркин күрөш )86 кг чейин)
Айпери Медет кызы - кыз-келиндер күрөшү (76 кг чейин)
Абдурахман Муртазалиев - джиу-джитсу (85 кг чейин)