Министрлик менчик жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу акысынын өлчөмүн белгилебейт
Агартуу министрлиги жеке менчик жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу акысынын өлчөмүн белгилебейт жана түздөн-түз жөнгө салбайт.
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 55-беренесине ылайык, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын наркы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча белгиленет. Окуу акысынын өлчөмү, төлөө тартиби жана шарттары билим берүү уюму менен ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталат. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын компетенциясына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери кирет. Ошол эле учурда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, жеке менчик мектептер тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын наркы мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт.
Мамлекеттик мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында билим берүү мыйзамдарда белгиленген тартипте окутуу акысыз жүргүзүлөт. Ал эми баланы жеке менчик билим берүү уюмуна берүү ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) тандоосу болуп саналат. Ошону менен бирге мамлекет жеке менчик мектептердин өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында лицензия берүүнү жеңилдеткен. Жеке менчик мектептер билим берүүнү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык жүргүзөт. Ошондуктан жеке менчик мектептердеги окуу акысына байланыштуу баа саясатын жүргүзүү Агартуу министрлигинин ыйгарым укуктарына кирбейт.