Министрлик: "Коронавирус боюнча чектөө чараларын киргизүүгө эрте"
Азырынча чектөө чараларын киргизүүгө эрте, анткени биз «жашыл зонадабыз», бирок оорунун саны өсүп бара жаткандыктан топ иштеп баштады. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаевага шилтеме берип билдирди.
"Эртең коронавирус боюнча республикалык штабдын жыйыны пландалууда, балким ал жерден 2 жумага карата алдын ала божомол айтылат», - дейт ал.
Ошондой эле жаңы учурлар жана ооругандар менен байланышкан адамдар менен иштөө боюнча күнүмдүк статистика кайрадан бериле баштары айтылды.