Кыргызстанда картошканын ички өндүрүшү калктын керектөөсүн толук камсыз кылууга жетиштүү
2026-жылы өлкөдө 1 миллион 249 миң 700 тоннага жакын картошка өндүрүлүшү күтүлүүдө. Ал эми калктын жылдык керектөөсү 799 миң 700 тоннага жакын. Учурда өлкөнүн картошка менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээли 181,9 пайызды түзөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.
Мындан улам, дыйкандарды колдоо жана жергиликтүү өндүрүлгөн картошканы ички рынокто сатууга шарт түзүү максатында картошканын импортуна 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизүү сунушталууда. Сунушталып жаткан чара өндүрүүчүлөрдү колдоого, дыйкандар өндүргөн картошканы ички рынокто өткөрүүгө шарт түзүүгө, жергиликтүү айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугун камсыз кылууга жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.
Картошканын ички өндүрүшүнүн көлөмү калктын жылдык керектөөсүнөн жогору болгондуктан, ички рынокту ата мекендик продукциянын эсебинен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бар. Картошканын импортуна убактылуу чектөө киргизүү боюнча токтомдун долбоору учурда коомдук талкууда. Коомдук талкуунун жүрүшүндө кызыкдар тараптардын сунуштары жана пикирлери эске алынат. Токтомду кабыл алуу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.