Орусия коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын Кыргыз өлкөсүндө да жасап чыгарууга даяр. Бул тууралуу “Sputnik” радиосунун эфиринде Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, Орусияга болгон иш сапарынын алкагында өлкөнүн өнөр-жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолуккан.
«Мантуров эгерде кыргыз тарап вакцина өндүрүү боюнча бардык стандарттарга жооп берген компанияны аныктаса, анда алар комиссия жиберүүгө даяр экендигин жана бул комиссия компаниянын вакцина чыгарууга шартын аныктай тургандыгын айтты», — деди ал.
Анын айтымында, бул иш тез арада ишке ашышы керек.
«Бул тез арада жасалышы керек, анткени британиялык штамм Орусияда да катталды. Биз буга дагы даяр болушубуз керек», — деди Сагынбаев.