Abank
SerepTV Logo

Касымалиев менен Токаев чек араларда электрондук кезекти киргизүүнү сүйлөшүштү

Касымалиев менен Токаев чек араларда электрондук кезекти киргизүүнү сүйлөшүштү
Астанада Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Анда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы айрым учурда болуп жаткан жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн болтурбай турган электрондук кезек системасын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындан сырткары, өткөрүлүп жаткан жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка – Бесагаш жана Камышановка – Ак-Суу өткөрүү пункттарын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сөз болду.