Өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун Терек-Сай айылына барды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын эски алтын ылгоочу фабрикасындагы саркынды суу чогулган жайдагы кырсыктын кесепетин жеринен көрдү. Маалыматка караганда, облус башчысы жагдай боюнча тараптар менен жер-жерлерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурда суу жана топуракта зыяндуу заттардын бар же жоктугун аныктоо боюнча лабораториялык иштер жүрүп жатканын билдирди.
«Бул багытта атайын комиссия түзүлүп, маселени ар тараптуу калыс иликтөө үчүн жергиликтүү тургундардан да кошулду. Окуянын келип чыгуусуна кайдыгер мамиле жасагандар сөзсүз түрдө мыйзам чегиндеги жоопкерчиликке тартылат. Азыркы учурда кооптуулук жараткан жагдайлар жок. Абалдан чыгуу үчүн тургундардын сабырдуулугу керек. Такталбаган маалыматтардан оолак болуп, мыйзамдан тыш көрүнүштөргө барбоого чакырам. Жашоочулардын ден соолугу биз үчүн да маанилүү», — деди Сыргабаев.
Айыл тургундарынын кен иштеткен компанияга болгон бир катар нааразычылыктары айтылып, муктаждыкты жоюуда үймө-үй суу жеткирүү жетишсиз болуп жатканын билдиришти. Өкүл бул маселени чечүүгө ишкана толук жоопкерчилик алаарын айтып, тийиштүү тапшырмаларды берди.
23-январда аталган ишканада жайгашкан тундургуч жырылып кеткен. Суунун ылдый жагында жайгашкан Терек-Сай жана Ынтымак айылдарынын тургундарына азырынча дарыянын суусун колдонбоо боюнча эскертүү берилген. Ошол эле күнү тундургучта цианид болбогону айтылган.