Депутат Сариев: "Бинардык опциондорго жамынып онлайн казинолорду ойноткондор арбын"
Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова белгилегендей, мыйзам долбоору онлайн лотереяларды, санариптик ойнотууларды жана бинардык опциондорду укуктук жөнгө салууга, бул чөйрөдөгү мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө, алдамчылык тобокелдиктерин азайтууга жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган. Тагыраагы, бинардык опциондор түрүндөгү кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынууда.
Талкуу маалында Улан Сариев бинардык опциондорго жамынып онлайн казинолорду ойноткондор арбын экенин белгилеп, бул жаатта транзакцияларды жүргүзгөн банктарга көрүлүүчү чараларды мыйзамга жаза кетүү сунушун берди. Ал эми депутат Райимберди Дуйшенбиев төлөмдөргө бөгөт коюудагы Улуттук банктын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолсо, депутат Токтобүбү Ашымбаева долбоордогу айрым сөздөр боюнча пикирин билдирди. Андан тышкары, депутат Дастан Бекешев интернеттеги айрым шылуундук аракеттерге бөгөт коюу талабын койсо, депутат Болот Сагынаев башка дарек, башка реестр менен кайрадан ишин баштагандарды чектөө керектигин кошумчалады.
Депутат Жумабек Салымбеков жаш балдар интернет менен ойноп жаткан айрым оюндар онлайн казиного окшош экенин жана аларга да көзөмөл жүргүзүү зарылчылыгын белгилесе, депутат Махабат Мавлянова онлайн казинолорду жарнамалаган сайттарды чектөө мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкты. Ошондой эле депутат Гүлшаркан Култаева компьютердик клубдар келечек ээлерине кедергисин тийгизип жатканын жүйө келтирип, алардын ишмердүүлүгүн чектөөгө алуу маселесин көтөрсө, депутат Эльвира Сурабалдиева киберкоопсуздук жаатындагы жагдайга токтолуп, калкка түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүгө чакырды.
Талкууну жыйынтыктап жатып төрага Марлен Маматалиев банк аркылуу бөгөт коюу чараларын колдоого алып, балдар арасында актуалдуу болуп жаткан интернет оюндарына көзөмөлдү күчөтүү маселесин көтөрдү.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.