Abank_oct
SerepTV Logo

Депутат 137 млн сомдук келишимди текшерүүгө чакырды

Депутат 137 млн сомдук келишимди текшерүүгө чакырды

Депутат Мавлюда Калбердиева «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун ишке ашыруудагы каржылык мыйзам бузууларды текшерүүнү сунуштады. Эл өкүлү мунун себебин долбоорго катышкан мугалимдердин айлык маянага байланыштуу айтып чыккан нааразычылыктары менен түшүндүрдү.



SerepTV буга чейин «Күндөлүк» маалыматтык системасынын иштеп чыгуучулары президент Садыр Жапаровго жардам сурап кайрылганын жарыялаган. Анын бири Сагындык Балтабаевдин айтымында, “Э-Күндөлүк” системасы боюнча өткөн тендердин баасы эселеп жогорулатылган жана тендердеги документтер миллион сом алды деп көрсөтүлгөн мугалимдер 40 миң сомдон эле алышкан. Мындай дооматтарды Агартуу министрлигинин өкүлү менен "Улут Софт" компаниясынын жетекчиси четке какты. 

SEREP MEDIA