Чек ара окуяларында жабыркаган жарандардын экинчи үйлөрү берилүүдө
Президенттин 2022-жылдын 17-сентябрындагы, «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Мамлекеттик комиссиянын 2026-жылдын 29-октябрындагы №7-чечиминин негизинде экинчи үйлөр берилди.
Бул багытта президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун буйругу менен, облустук жана райондук жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топ Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда айрым аймактарды алмаштыруунун натыйжасында Тажикстан Республикасынан өткөрүлүп берилген турак жайларды бөлүштүрүү маселелери боюнча иш алып барды.
Облустук жумушчу топтун төрагасы, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилигинде, жумушчу топ менен Баткен районунун үй алуучу жарандарынын катышуусунда чүчү кулак өткөрүлдү. Ушундай эле чүчү кулак Лейлек районунда да өтүүдө.
Чүчү кулак 2021-2022-жылдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында орун алган куралдуу жаңжал учурунда бир тилкеде жайгашкан эки турак жайы тең жараксыз абалга келген жарандардын экинчи турак жайы үчүн жана чек ара аймактарын алмашуу учурунда турак жайы алмашууга туш болгон айрым жарандардын экинчи үйү үчүн өттү. Чүчү кулактын негизинде жарандар өздөрү алган номурлар боюнча турак жайларды алышат. Тажикстандан жалпы 213 үй Кыргызстанга өткөн. Бул турак жайлар бүгүн 180 жаранга берилүүдө.