Башкы прокуратурага ишкерлерден 2026-жылдын тогуз айында 325 кайрылуу келип түшкөн
Бүгүн, 10-октябрдагы Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.
Баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Залкар Акназаров белгилегендей, мыйзам долбоору ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүнү прокуратура органдарында катталгандан кийин гана жүргүзүүнүн укуктук механизмдерин иштеп чыгууга жана киргизүүгө багытталган.
Талкуу маалында депутат Таалайбек Сарыбашов прокуратура органдары тарабынан ишкердик субъекттерин негизсиз текшерүүлөргө каршы көрүлүп жаткан чараларга кызыкты. Баяндамачынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын тогуз айында бул багытта 325 кайрылуу келип түшкөн, алардын 89 канааттандырылып, тиешелүү прокурордук чара көрүү актылары кабыл алынган. Ал эми эл өкүлү Улукбек Карыбек уулу текшерүү процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана аны автоматташтыруу аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелерин ортого салды.
Депутат Илимбек Кубанычбеков ишкердик субъекттерин текшерүү боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы функцияларды бөлүштүрүү маселесин тактап, өзгөчө психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү заттарды камтыган дары-дармек каражаттарынын сатылышына көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты. Эл өкүлү Уланбек Жаанбаев текшерүүнүн мыйзамсыз жүргүзүлгөнү бир нече жылдан кийин аныкталган учурда прокуратура органдарынын жоопкерчилиги кандай болоруна байланыштуу суроо узатса, депутат Медер Чотонов жооптуу мамлекеттик органдарды аймактарда ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды.
Муну менен катар депутат Дастан Бекешев ишкердик субъекттерин текшерүүнү прокуратура органдарында каттоо функциясы берилгенден кийин прокуратура тарабынан ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо милдети кандай тартипте ишке ашырыларына кызыкты. Эл өкүлү Исманали Жороев жеке аудиторлордун жана жеке баалоочулардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү керектигине токтолду. Ал эми депутат Камила Талиева мыйзам долбоорун колдоп, анын негизсиз текшерүүлөрдү минималдаштырууга багытталганын белгиледи. Ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн критерийлери тууралуу сөз кылды.
Депутат Жаныбек Абиров ишкерлерди колдоо жана экономиканы өнүктүрүү максатында жакынкы 2-3 жылга ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий киргизүүнү сунуштаса, эл өкүлү Гүлшаркан Култаева да текшерүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана ишкерлердин укуктарын ишенимдүү коргоо үчүн санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланууга, мамлекеттик органдардын автоматташтырылган системаларын интеграциялоого чакырды. Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда колдоого ээ болду.
Андан тышкары, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Мыйзам долбоорунун максаты менчиктештирүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун негизги ыкмаларын өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик менчикти кайра түзүү процессин укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.