SerepTV Logo

БШК президенттик шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти

БШК президенттик шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти
 
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түздү. Анын жалпы суммасы 1 200 000,0 миң сомду түзөт. Анын ичинен 646 560,0 миң сом 2026-жылга, ал эми 553 440,0 миң сом 2027-жылга каралган.

Көрсөтүлгөн суммага Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 56-беренесине ылайык кайра добуш берүүнү өткөрүүгө каралган 240 000,0 миң сом, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандардын добуш берүүсүн камсыз кылууга багытталган 53 200,0 миң сом киргизилген. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча түзүлөт.

Сметада 2 653 участкалык шайлоо комиссиясынын материалдык-техникалык камсыздалышына жана иштешине байланыштуу чыгымдар каралган. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же убактылуу жүргөн жарандар үчүн 100 шайлоо участкасы, ошондой эле аралыктан добуш берүү (АДБ) үчүн 40 кошумча шайлоо участкасы камтылган. Сметада участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө сый акы төлөөгө кеткен чыгымдар да каралган. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде алардын айлык сый акысынын өлчөмү 3,0-8,0 миң сомду түзөт.

Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жалпы саны 26 819 адамды түзөт. Анын ичинде 5 066 автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдүн операторлору жана 5 066 идентификациялоо операторлору бар.
Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн саны 674 адамды түзөт. Мындан тышкары, 1 609 тартылган операторго, 600 техникалык колдоо тобунун адисине, ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө тартылган башка адистерге сый акы төлөө каралган. Тартылган адистердин саны шайлоочулардын санына жана аткарылуучу иштердин көлөмүнө жараша аныкталат.
 
SEREP MEDIA