Abank_oct
SerepTV Logo

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө эртең кыймылга убактылуу чектөө киргизилет

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө эртең кыймылга убактылуу чектөө киргизилет
 
Бишкек шаарында 3-октябрда саат 07:00дөн 23:00гө чейин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелеринде асфальттын бузулган бөлүктөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.

Кыймылга чектөө төмөнкү тилкелерде киргизилет:
Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейинки аралыкта;
Карасаев көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейинки аралыкта.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарынан жана айдоочулардан түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт. Ошондой эле айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду тандап алууну сурайт.
SEREP MEDIA