Abank_oct
SerepTV Logo

Бишкекте №227 автобус каттамынын жүрүү схемасы өзгөрдү

Бишкекте №227 автобус каттамынын жүрүү схемасы өзгөрдү
 
Бишкек шаарында №227 автобус каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүү киргизилди. Буга чейин №227 каттам Тагай Бий көчөсү аркылуу жүрүп келген. Учурда аталган көчө аркылуу башка да автобус каттамдары тейлеп жаткандыктан, ал эми ага катарлаш жайгашкан Каркыра көчөсүндө коомдук транспорт каттамы жок болгондуктан, №227 автобустун жүрүү схемасын өзгөртүү чечими кабыл алынды.

Жаңы схемага ылайык, №227 автобус каттамы Каркыра көчөсү аркылуу жүрөт. Бул өзгөртүү аталган аймактын тургундарын коомдук транспорт менен камсыз кылуу, жүргүнчүлөр үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана шаардагы каттамдык тармакты бирдей бөлүштүрүү максатында киргизилди.
SEREP MEDIA