Royal
SerepTV Logo

"Бир тал чачыңар түшпөйт". Садыр Жапаров Курултайда бардык маселе ачык айтылышы керектигин билдирди

"Бир тал чачыңар түшпөйт". Садыр Жапаров Курултайда бардык маселе ачык айтылышы керектигин билдирди
Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда үчүнчү Элдик курултай өтүп жатат. Асылбек Абдыкадыров сөз сүйлөп, Ноокен районундагы көйгөйлөрдү айтты. Ал убакыттын тардыгына байланыштуу үч көйгөйдү айтты. Алар: суу кампасын куруу жана суугат сууга болгон төлөмдөр, минералдык жер семирткичтерди алып келүү жана текстиль фабрикасынын курулушу. "Курултайда сөз эркиндиги жок. Делегаттар да "дүжүрлөр" дегендер бар",- деди ал. "Кимди сүйлөтөм десеңер трибуна силердики. Ачык айткыла. Силердин чапаныңарды эч ким чечип албайт. Бир тал чачыңар түшпөйт. Сөз эркиндиги бар, болуп келген. Сөз эркиндик менен ушак-айыңды, мазактоону, калп айтууну аламаштырып албасаңар болду",- деди өлкө башчысы.