Садыр Жапаров БШКга президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
Бүгүн, 10-ноябрда президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.
10-ноябрга карата БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз келип түштү. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.