Арашан койлорунун эл аралык фестивалы өттү
19-сентябрда эт-май багытындагы «Арашан» асыл тукум койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль өттү. Иш-чарага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казакстандан келген фермерлер, ата мекендик малчылар жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.
Фестивалда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу сөз сүйлөп, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик колдоолорго токтолду. Ал «Арашан» койлорун экспортко чыгаруу, асыл тукум статусун алуу жана фермерлер үчүн 3% жеңилдетилген насыя мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.
«Арашан» койлорунун санын көбөйтүү, сапатын жогорулатуу жана эл аралык рынокко чыгаруу — мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири. Эл аралык фестиваль тажрыйба алмашууга, кызматташтыкты кеңейтүүгө жана ата мекендик асыл тукум кой чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.