Алымкадыр Бейшеналиев: "Митингдин кереги жок, аны мени жаман көрсөткүсү келгендер уюштуруп жатат"
Бүгүн, 25-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында Алымкадыр Бейшеналиевди колдогон митинг" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkekte-alymkadyr-beishenalievdi-kyzmatynda-kaltyrgyla-degender-mitingge-chygyshty/">митинг өттү. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев менен байланышканыбызда, ал учурда Түркияда экенин, митингге эч тиешеси жок экенин айтты.
"Митингге чыкпай эле коюшсун деп айтып койгула, мени жаман көрсөткөндөр чыгарып жатат. А мага анын кереги жок. Мен "Алтын балалыкка" жетекчи болуп дайындалдым, ошол жакта иштейм. Азыртадан эле ошол жерде иштерди кыла баштадым. Жубайым ооруп, ошол үчүн Түркияга кеткем. Учурда жубайымдын жанындамын", - деди ал.