28-январга карата коронавирус жуктурган 128 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 48, Чүй облусунда – 60, Ысык-Көлдө – 9, Нарында – 6, Жалал-Абадда – 5 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде 2 киши илдеттен каза болду, өлүм Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 84 миң 303 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 408 адам өмүрү менен кош айтышты.